• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Украинадагы элчи кыргызстандыктарга Польшадан келе турган акыркы бекер учак тууралуу эскертти

10 Жалган куран 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Украинадагы элчиси кыргызстандыктарга Польшадан акыркы жолу бекер учуу тууралуу эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«16- март, шаршемби күнү Польшадан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учурулат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү керек экендигин баса белгилейбиз.

Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же болбосо, такси жана автобустар менен келсеңиздер болот.

Социалдык тармактарда бул маалымат менен бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм», — деп жазган ал

Количество просмотров: 198