• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусияда Кыргызстандын жараны зордуктоого шектелүүдө

3 Аяк оона 202410:11 Бишкек Govori.TV


Орусияда Кыргызстандын 21 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып жатат.

Орусиянын жараны 31-августта таңга маал таксист тарабынан зордукталганын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, Захаров айылынан таксист унаасын токтотуп, аны өлтүрөм деп коркутуп, зордуктаган.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган, Кыргызстандын жараны күнөөнү мойнуна алган эмес.

Количество просмотров: 100