• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Украинадагы согушка катышкан жаран пробация менен бошотулду

24 Үчтүн айы 202417:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Украинадагы согушка катышкан» деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотту.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси “Жалданмачылык” менен кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, Аскар Кубанычбек уулу Украинадагы согушка катышканы үчүн УКМК тарабынан 2023-жылдын 12-январында кармалган.

2023-жылдын май айында Аскар Кубанычбек уулу Биринчи май райондук соту тарабынан 10 жылга кесилген. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Количество просмотров: 96