• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Украинага жаңы премьер-министр дайындалды

6 Жалган куран 2020 9:36 Бишкек Govori.TV

Украинанын жаңы премьер-министри болуп Денис Шмыгал дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Шмыгалдын талапкерлигин өлкө башчысы Владимир Зеленский сунуштаган. Аны Жогорку Раданын 291 депутаты колдоп добушун беришкен.

Белгилей кетсек, Шмыгал өкмөт башчынын орун басарлыгына февралда дайындалган. 2019-жылдын февраль айынан 2020-жылга чейин Ивано-Франков облусунун губернатору кызматын аркалап турган.

Количество просмотров: 63