Бишкек.11.07.2019. Govori.TV
Украинанын экс-президенти Петр Порошенко 17-июлга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Бул жолу кайсы кылмыш иши боюнча сурак бере тургандыгы так айтылган эмес.
Эске салсак, Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросунда Порошенконун тиешеси бар делген сегиз кылмыш ишин тергөө жүрүп жаткандыгы айтылган. Анын ичинен «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке чыккынчылык кылган», — деген айыптар дагы бар.