Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Украинанын социологиялык кызматтары 31-мартта өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялап жатышат.
Аларга ылайык, учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Владимир Зеленский алдыда келатат. Аны шайлоочулардын 25-28 пайызы колдоого даяр.
Сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, экинчи орун үчүн өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко менен оппозициялык «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко күрөш жүргүзөт. «Демократиялык демилгелер» фонду менен Киевдеги Эл аралык социология институту экинчи орунга Порошенко чыгып, Тимошенкодон бир нече пайызга көбүрөөк добуш алат деп болжолдошууда. «Рейтинг» тобунун маалыматына караганда, Порошенко менен Тимошенкону колдоого даяр жарандардын саны дээрлик бирдей — алар жалпы шайлоочулардын 17 пайызын түзөт. «Социалдык мониторинг» борборунун маалыматына ылайык, учурда Тимошенко Порошенкодон бир аз алдыда келатат.
Шайлоонун экинчи айлампасына эң көп добуш алган алдыңкы эки талапкер өтөт. Биринчи айлампада жеңишке жетүү үчүн шайлоочулардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алуу керек болот. Бирок социологдор талапкерлердин бири дагы бул көрсөткүчкө жете албайт деп эсептешүүдө.
Сурамжылоолордун көбүнүн жыйынтыктары боюнча, төртүнчү орунда Юрий Бойко келатат. Төртүнчү орун үчүн Анатолий Гриценко күрөш жүргүзүүдө. Бул эки саясатчынын тең рейтинги 10 пайыздын айланасында. Жалпысынан бюллетенде 39 талапкердин аты-жөнү жазылган.