• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова: «Аскерлер үчүн эч кандай шарт дагы түзүлгөн эмес»

10 Баш оона 2018 12:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.08.2018. Govori.TV

Бүгүн Аки пресстеги аскерлердин нааразычылына байланыштуу жыйында «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова аскер бөлүгүндөгү балдар зордук-зомбулукка,кыйынчылыкка жана кулчулукка көп кабылышканын айтат.
Анын пикиринде алар үчүн эч кандай шарт дагы түзүлгөн эмес.
» Аскерлердин укугун коргогон эч ким жок. Алар көп кордукка туш болуп жатышыптыр. Иштетип алардын үстүнөн акча алган фактылар дагы бар. Бул кош көңүлдүк, шаалакылык көзөмөлдөнүшү керек» — деди  Азиза Абдирасулова.
Эскерте кетсек,  Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган.  Анда аскер жетекчилери быйыл жазында чакырылган балдарды башка бирөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганыны айтылат.
Количество просмотров: 27