• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Укук коргоочу Абдирасулованын соту кийинкиге жылды

21 Жетинин айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-ноябрда Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылды.

Процесс учурунда укук коргоочу Абдирасулова иш менен тааныш эместигин айтты. Мындан улам кийинки жараян 23-ноябрь 16:30га жылды.

Эске салсак, Азиза Абдирасуловага Кылмыш-жаза кодексинин «Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча айып коюлуп, сот отуруму бүгүнкүгө белгиленген.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жаткан учурда бир катар активисттер парламенттин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Эки адамды: укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин кое берген.

Количество просмотров: 251