Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы Ноокен райондук милиция бөлүмүнө алып кетиш. Бул тууралуу анын кызы Гулшайыр Абдирасулова соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.
Укук коргоочуну эмне үчүн алып кетишкени тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Абдирасулова өзү бир күн мурун социалдык тармактарда аны милиция суракка чакырып жатканын билдирген.