• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Укук коргоочу Рузиев абакта ачкачылыгын улантууда

31 Бугу 2020 13:46 Бишкек Govori.TV

Караколдук укук коргоочу жана активист Камилжан Рузиев абакта ачкачылыгын улантууда, анын бөгөт чарасы бүгүн аныкталат.

Активисттин уулу Азат Рузиев апасы дем алыш болгонуна карабастан укук коргоочунун кесиптештеринен, кардарларынан мүнөздөмө кагаздарын чогултканын, ушу тапта адвокат милициянын убактылуу кармоочу жайында Камилжан Рузиев менен жолугушууда экенин билдирди.

Азат Рузиев “Фейсбуктагы” жеке баракчасына “Атамды тез арада чыгарышат деп аябай ишенгим келет. Мунун баары моралдык жактан, айрыкча экинчи түн абакта ачкачылык кармап жаткан атам үчүн абдан оор болуп жатат” деп жазып, коюлуп жаткан айыптын эч кандай далили жок экенин белгиледи.

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев «жасалма документ жасоо» фактысы боюнча айыпталып жатат.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. 

Количество просмотров: 49