• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улам жылган парламенттик кайра шайлоо качан өтөт?

24 Кулжа 2021 19:01 Бишкек Govori.TV

 Былтыр бийликтин алмашуусуна алып келген нааразычылык толкундоонун себеби болгон парламенттик шайлоо жокко чыкканына жарым жылдан өтсө да алигиче шайлоо күнү белгисиз. Шарты белгилүү болгону менен парламенттик шайлоонун күнү так белгиленбей жатканы сын кептердин арбышына өбөлгө болууда. 

Президенттик администрация май айынын акырында керектүү мыйзамдар кабыл алынмайынча шайлоонун мөөнөтүн дайындоого болбой турганын билдирсе, Садыр Жапаров шайлоонун мөөнөтү боюнча бир нече жолу ар башка пикирлерди ортого салган.

Былтыр 22-октябрда Жогорку Кеңеш мөөнөтүн узартуу жана жаңы Конституция кабыл алынмайынча парламентке кайра шайлоо өткөрбөй туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев жаңы мыйзам боюнча каралган өткөөл мезгил бар экенин белгилеп, шайлоонун датасы жакынкы аралыкта белгиленүсү абзел дейт.

 Ал эми саясий серепчи  Айданбек  Акматов азыркы күндө парламентке 90 депутат келет деген гана жагдай белгилүү болуп жатканын айтат.

Коомдо кайталап шайлоонун улам ары карай жылуусу ар кыл пикирлерди жаратууда. Жарандык активист Руслан Акматбек шайлоо мөөнөтүнүн так айтылбай  жылып жатышын төмөнкүчө чечмеледи.

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колдоосу менен үч окууудан өтүшү керек. Андан кийин президент шайлоону дайындайт. Кандай шайлоо системасы болбосун шайлоону өткөрүүгө Боршайком даяр жана кудурети жетет деген БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам боюнча шайлоо күнү 3 ай калганда белгилүү болуусу керек дейт.

Белгилей кетсек, Президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыгып, парламенттин кароосуна жиберилген. Эми  коомчулукта мыйзамдуулугу талкуу жараткан 6-чакырылыш мыйзам долбоорун карап, чечим чыгарып берүүсү керек.

Количество просмотров: 208