Улан Эгизбаевдин көрүстөн тууралуу иликтөөсү боюнча дагы бир иш козголду
Улан Эгизбаевдин көрүстөн тууралуу иликтөөсү боюнча дагы бир иш козголду
16 Тогуздун айы 201814:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV
Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн негизинде Бишкектеги көрүстөн маселесине байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук соту Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдарына карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу” деген беренелеринин боюнча иш козголуп, тергөөг берилди.
Эске салсак, ушул жылдын 22-июнда Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөө жасап, анда шаардык прокуратура да Бишкектеги Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин ишин текшерип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөткөн болчу.