• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Улан Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн үй бүлө курганына бир жыл болмок

8 Тогуздун айы 2018 11:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018.Govori.TV
«Азаттыктын» журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев «Улут абийири» наамына ылайык деп табылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты. Сыйлыкты Интеллектуалдар альянсы негиздеген «Чеч-Дөбө» кеңеши ыйгарат. Сыйлыктын толук аталышы — Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» наамы. Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому 18-октябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө тапшырылаары күтүлүп жатат. Сыйлык тапшырууга маркумдун ата-энеси, жубайы чакырылат.

«Чеч-Дөбө» кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү да катышат. Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Жасаган эмгектери эске алынып, Эгизбаевге көз жумгандан кийин «Эрдик» медалы ыйгарылган эле. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энесине тапшырган.
Мындан сырткары,Улан Эгизбаев менен жубайы Сапаргүл Абдинабиева дал ушул күнү (8-октябрь) баш кошушкан. Бирок, тилекке каршы алар бир жыл дагы чогуу түтүн булатышкан жок.
Количество просмотров: 27