• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Улан Примов “бекер иш сапарларга” тыйуу салууну сунуштады

18 Бугу 2018 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV
ЖКнын депутаты, ТЭЦтин чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов  өлкө чиновниктеринин «безине тие» турган сунуш киргизди. Ал парламенттеги депкомиссиянын корутундусу кабыл алынгандан кийин сөз сүйлөп жатып, “Мындай чоң кредиттерди алууда сөзсүз кетирген кемчиликтерди эске алуу менен компаниялардын ишине көз салып, акча туура пайдаланылып жатабы же кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына сарпталып атабы, аларды тыкыр текшерип, коомчулукка тааныштырып турууга тийишпиз. Ошондой эле депутат, министр, мамлекеттик кызматкерлердин жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгышына мамлекеттик деңгээлде тыюу салыш керек”,-деген сунушун киргизди.
Эске сала кетсек,  кыргыз өкмөтүнүн ТБЕА менен “бир тараптуу келишим” түзүп, 386 млн. доллардын изинин чыкпай калышына аталган компаниянын эсебинен Кытайга бекер барып, эс алып келген эл өкүлдөрүнүн таасири тийгендиги ТЭЦтин чоо жайын иликтеген депкомиссиянын корутундусунда жазылуу.
Демек, анын бул сунушу колдоо тапты дегиче, ат тезегин кургатпай бекер иш сапарларга чыгып, чет элдик компания, уюмдардын кызыкчылыктарын ишке ашыруучу чиновниктердин жолу тосулат.
Количество просмотров: 31