Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примов шайланды.
Добуш берүү жабык өтүп, 70 эл өкүлү «макул» болсо, бирөө «каршы» чыкты.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган болчу.