• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улан Примов, ЖК депутаты: «Комиссия эч бир чиновниктин көңүлүнө караган жокпуз, болгонун жаздык…»

10 Бугу 2018 9:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV
Бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында 2018-жылдын 26-январындагы Бишкек ТЭЦиндеги болгон аварияны жана ишкананын модернизациясына жумшалган 386 млн. сомдун изин иликтеген депутаттык комиссиянын Корутундусу каралат. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы, депутат Улан Примов билдирди.

“Корутундунун акыркы вариантына баардык мүчөлөр кол койду. Бүгүн, күн тартибине киргизүү сунушун беребиз. Көпчүлүк колдоп берсе комиссиянын корутундусу талкууланып, парламенттин колдоосун табат деген ишеничтемин. Биз, авария жана модернизация маселесинде эч кимдин көңүлүнө караган жокпуз. Бизге да кимдир бирөө басым-кысым кылып же ички иштерибизге кийлигишкен жок”,-деп билдирди ал Govori.TVга.
Анын айтымында, комиссия жоопкерчилигин кароо сунушу менен 30дан ашык мамлекеттик чиновниктердин аттарын киргизген.
Количество просмотров: 18