• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тепкилеп, анан аттып өлтүрдү. Улан Саляновду кандай өлтүргөнү тууралуу шектүү кармалды (видео)

12 Аяк оона 2018 14:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу үчүнчү шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ИИМден маалымдашты.
1975-жылы туулган У.Саляновго кол салуу 2017-жылдын 6-ноябрында саат 01:30 чамасында болгон. Бет капчан 3 адам маркумдун Көк-Жар айылындагы үйүнө кирип, үй ээсине ок аткандан кийин качып кетүүгө жетишкен. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган болчу. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашап жаткан.
Шектүүлөрдүн экөө кармалган, ал эми Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген үчүнчү адам Россиянын аймагында кармалды. Шектүү — 1988-жылы туулган Насруллаев Заур 2018-жылдын августунда Екатеринбург шаарында жүргөнү аныкталып, кармалгандан кийин ал да күнөөнү мойнуна алган. З.Насруллаев Россиянын жараны болуп эсептелет. Учурда Россиянын тиешелүү органдарына шектүүнү Кыргызстанга берүү боюнча документтер жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 32