• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты кайсы иликтөөчү журналисттер алды?

12 Бирдин айы 2023 18:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,12-февралда «2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун «Temirov Live» медиасынын «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы. Садыр Жапаровдун жообу» аттуу иликтөөсү алды.

2-орун «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосуновдун «Интернеттеги баңги бизнеси» аттуу иликтөөсүнө берилди.

3-орунга Bulak.kg басылмасынын «Ысык-Көл жээгинин каракчылары» аталышындагы иликтөөсү татыды.

Бул сыйлык 5-ирет тапшырылып жатат. Сынакка жалпы 64 эмгек келип түшкөн.

2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкекте 12-февралда өттү.  Ал «Журналисттик иликтөөлөр»  коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы  Internews уюумунун TRACK долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Сынактын максаты  –  өлкөдө журналисттик иликтөө жанрын өнүктүрүү, ошондой эле коррупциялык схемалардын жана мыйзамсыз көрүнүштөрдүн бетин ачууга, бөгөт коюуга журналисттердин кызыгуусун арттыруу.

Количество просмотров: 877