• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Уланбекова: Лидерлик сапатымды ишкерликте көрсөтөйүн дедим…

19 Бирдин айы 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 32 жаштагы Насипа Уланбекова, ал Талас шаарынан келген.

«Мен 5 баланын энесимин, үй бүлөлүк иш менен алектенип келебиз. Кийим кече саткан магазинибиз бар. Ал жакка чет өлкөдөн товар алып келем. Алдыда өзүмдүн лидерлик сапатымды өстүрүү максатым бар бар. Атуу-баштуу, Кыргызстанда таанымал айрымдардын катарын толуктап, өзүмдү жогорку жактан көрсөм дейм», — деген пикири менен бөлүштү.

Количество просмотров: 280