• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улук Кыдырбаев: Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн экономикалык билими жок

13 Баш оона 2018 13:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн экономикалык билими жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев айтты.
“Биз үчүн, мамлекет үчүн Улуттук Стратегия бир документ болуш керек. Бийлик бутактары биргеликте иштеп бул стратегияны ишке ашыруубуз керек. Биз стратегиянын негизинде иштеп чыккан долбоорлордун негизинде жумуш топторун түзүшүбүз талапка ылайык. Биз ишкерлер катары региондорду кыдырсак жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн экономикалык билими жок болуп чыкты. Мына ошонун натыйжасында жазылган долбоорлор кагаз жүзүндө иштелбей калып кетип жатат. Ошондуктан аларды окутуу керек. Бул окутуу региондорду өнүктүрүү жылы үчүн региондорго жакшы жетишкендик болмок»,-деди Кыдырбаев
Улук Кыдырбаевдин айтымында, өлкөдө кен байлык көп чыгат. Бирок чыккан алтын-күмүштөр биздин пайда үчүн иштетилбей эле.
«Зергерчилик өнүгүп жатканы менен чыгарылган алтын күмүш сырье катары эле кетип жатат.Кээ бир зергерлер цехти жыгач менен иштетип калды алтын күмүш жоктугунан улам. Токой чарбачылыгын,дыйканчылыкты өнүктүрүү дагы маанилүү. Каражат кайдан чыгат дейбиз. Бизде көмүскө экономика чоң. 2008-жылы 50 пайыз экени айтылган, азыр 50 пайыздан көп. Ал жерде мүмкүнчүлүк чоң. Биз аларды официалдуу экономикага тартканга аракет көрүшүбүз керек”, –деген пикирин билдирди Кыдырбаев жыйындын жүрүшүндө.
Количество просмотров: 33