• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер кармалды

12 Бугу 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

Улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып, 32 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тик Ток социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн баракчасына улуттар аралык кастыкты козуткан, башка улуттарды кемсинткен постторду жарыялап турган.

«Анын посттору социалдык тармактын башка пайдалануучулары тарабынан кызуу талкууланып турган. Бул улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши ыктымал», — деп жазылган милициянын маалыматында.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, диний, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу») менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында 32 жаштагы блогер кармалып, ШИИБдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 146