• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Улуттар биримдиги» шайлоонун жыйынтыгына нааразы

29 Жетинин айы 20210:15 Бишкек Govori.TV

«Улуттар биримдиги» саясий партиясы парламенттик шайлоонун алдын—ала жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты.

«Саат 20:46га карата «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына 47074 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган. Саат 21:20да «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына берилген добуштардын саны 29387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча «Улуттар биримдиги» партиясы 2,41% добушка ээ болгон.

Количество просмотров: 133