«Улуттар биримдиги» партиясы менен «Кыргызстан Элдик-демократиялык» партиясы шайлоого бирге барат. Бул тууралуу «Улуттар биримдигинин» төрагасы Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Улуттар биримдиги» партиясы 18-сентбярда «Көзөмөл» коомдук кыймылы менен да бириккен.
Белгилей кетсек, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын экс-мэри. Ал эми Артур Медетбеков буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.