• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовго карата чыгарылган өкүмдөрү жокко чыгарды

13 Тогуздун айы 2020 17:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык соту экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жактоочуларынын даттануусун карап, мурдагы сот чечимдеринин баарын жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова билдиргенин “Репортёр» жазды.

“Ош шаардык соту ишти 8 октябрда карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган чечим кабыл алды. Иш кайра биринчи инстанцияга кайтарылды”, – деп билдирген Мамытканова.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. Кийин көпүрөнүн курулушунда “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды” деген берене менен кылмыш иши козголуп, 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, мурдагы шаар мэри Түркиядан чартердик каттам аркылуу 7-октябрга караган түнү Ош шаарына келген. Аны шаардын борбордук аянттында миңдеген тарапташтары тосуп алган.

Количество просмотров: 128