• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улутташтырылган Түлеевдин мүлктөрү таланды

2 Аяк оона 2019 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Э.А. алдоо жолу менен документтерди жасап, жарандардын акчасын алып жүргөн деп айыпталып жатат. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Мурунку кызматкер муниципалдык мүлк боюнча аукциондун протоколун жасап, Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан үйдөн 8 муниципалдык батирди сатып, өзү качып кеткен. Бул тууралуу кабардар болгон башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев 1-сентябрда Бишкек ШИИБге кайрылган. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. Шектүүгө издөө жарыяланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Москва көчөсүндөгү №191 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдөн 8 батир мэрияга муниципалдык менчик катары берилген болчу.

Алар:

— 113,4 чарчы метр аянттагы № 137 батир;

— 112,3 чарчы метр аянттагы № 149 батир;

— 112,3 чарчы метр аянттагы № 141батир;

— 111,4 чарчы метр аянттагы № 153 батир;

— 114,5 чарчы метр аянттагы № 161 батир;

— 114,6 чарчы метр аянттагы №165 батир;

— 111,7 чарчы метр аянттагы №145 батир;

— 113,8 чарчы метр аянттагы №157 батир.

Количество просмотров: 382