• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды

7 Тогуздун айы 202420:07 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев кармалгандыгын Kaktus.media сайты күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталып жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасы 5-октябрда каралганын билдирген. А. Абылаевди камакка алуу өтүнүчүн сотко ИИМ тергөөчүсү берген.

А. Абылаев Бишкектеги #1 тергөө абагына 2-декабрга чейин калтырылды.

Количество просмотров: 748