• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуттук госпиталдын алдынан эки бейтап каза болду (видео)

1 Теке 2020 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Улуттук госпиталга келген эки бейтап оорукананын кире беришинде көз жумду. Бул тууралуу видео социалдык түйүндөргө жарыяланды. Анда коргоочу кийим кийген медик унаада кишинин жүрөгүнө массаж жасап, бул маалда клиниканын оозунан дагы бир бейтап кулап түшкөнүнүн көрүүгө болот.

Ал эми болгон окуяны Улуттук госпиталдан ырасташты. Дарыгерлер көчөдө реанимациялык иш-аракеттерди жасаганга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Натыйжада алар каза болуп калышкан.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев бейтаптар пневмония оорусунан көз жумганын жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Кошумчалай кетсек, ушул эле оорукананын урология бөлүмүндө пневмония менен кайрылгандар үчүн койка даярдалган болчу.


Количество просмотров: 4187