• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Улуттук кураманын дарбазачысы Эржан Токотаев түркиялык клуб менен келишим түздү

11 Теке 2023 13:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Түркиянын экинчи лигасындагы «Шанлыурфаспор» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футбол бирикмесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Шанлыурфаспор» өлкөнүн үчүнчү күчтүү дивизионунда экинчи орунду алып, класска көтөрүлгөн. Команда өткөн сезондо 22 беттеште жеңишке жетип, 9 тең чыгуу жана 5 жеңилүү ызасын тарткан.

Токотаев өткөн сезондо «Каспий» ФК менен Казакстандын чемпионатында ойногон.

Ал 2021-жылдын 2-сентябрында КР Улуттук курама командасынын курамында Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган. Улуттук курама үчүн 13 беттеш өткөрүп, анын ичинен кургак беттештердин саны — 4.

Количество просмотров: 69