• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук университеттен 2 710 студент окуудан чыгарылды

9 Теке 202510:41 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу атайын кызмат тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта айтылгандай, окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

«Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди уланта тургандыгын билдирет жана жарандарды мындай фактылар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн УКМКга жигердүү билдирүүгө чакырат», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 337