• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Умбеталиев: Кышында электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт деген убадалар аткарылбай жатат

6 Жетинин айы 2019 16:12 Бишкек Govori.TV

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев учурда айылдарда, шаарларда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын айтты.

«Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз» деп айтып, эми лимит киргизип жатышат. Чектөө киргизилип, азыркы учурда айылдарда, шаарларда электр энергия өчүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө суук болуп, кар жаап жатса да электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Кыш мезгилинде лимитти сактоо үчүн толук кандуу өчүрүүлөр болот. Өкмөттүн кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз дегени калп деп эсептейм», — дейт Умбеталиев.

Кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош калааларында жана жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймокчу. Бул туурасындагы атайы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген. Бул жаңылыктан соң коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, кышында электр энергияга чектөө киргизилеби деген суроолор жаралды.

Количество просмотров: 76