• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги кармоолор

23 Аяк оона 202420:25 Бишкек Govori.TV

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде кармоолор болгондугун Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазып чыкты. УКМК мекеменин адистерин алып кеткен.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте («Унаа» маммекемеси) кармоолор болуп, УКМК кызматкерлери бир нече адистерди кармап кетишкенин Kaktus.mediaнын булактары билдирген.

Алардын айтымында, бүгүн 23-сентябрда болжол менен күндүзгү саат экилерде Чокан Валиханов көчөсүндөгү аталган мамлекеттик мекеменин башкы имаратынан бир нече адистерди кармап кетишкен. Кармалгандардын ичинде эки бөлүмдүн башчысы бар экендиги айтылат.

Количество просмотров: 338