• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Унаа» мекемесинде мыйзамсыз аракеттер аныкталды

26 Аяк оона 202218:04 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте «Унаа» мекемесинде сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө теориялык сынакты тапшырууда курсанттар тарабынан аудио-видео техниканы колдонуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттердин 2 фактысы аныкталган.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Количество просмотров: 141