• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Унаа салыгын төлөбөгөндөр боюнча рейд жүрөт

20 Аяк оона 2018 9:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөргө каршы атайын рейд өткөрөт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, тийиштүү төлөмдү төкпөгөндөр негизги салыктан сырткары 2 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилет.
Унаага салык төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктары буга чейин бир канча ирет эскертилген.
Салык наркы унаанын түрүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, колдонулган мөөнөтүнө жараша эсептелет. Айдоочулар акчаны салык кызматынын кеңселерине же банк аркылуу төлөй алышат.
Количество просмотров: 32