• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Унаа сууга түшүп кеткен. Оштогу жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды

30 Теке 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Кызыл-Коргон айылы тилкесинде жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, Гүлчө суусуна кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаадагы бир эркек, бир аял каза тапкан.

Жерине барган ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу унааны суудан чыгарып, каза тапкан адамдарды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 3230