Кайгуул кызматкерлери унаа уурдап качууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 16-июлунда Чоң-Сары-Ой айылынын 1965-жылы туулган Т. М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:45 чамасында Чоң-Сары-Ой айылындагы мечиттин сыртына «Тойота Карина» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, таңкы намазын окууга кирип, кайра чыккан учурда унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткени айтылган.
Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш тарабынан А. Н. аттуу жаранды айдап бара жаткан жеринен кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына жеткиришкен.