Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Басма-сөз кызматы билдирет.
2024-жылдын 1-май Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 30-апрель күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун коп кабатту үйлөрдүн короосунда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, андан кийин качып кеткен.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 211-беренесине ылайык (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1999-жылы туулган Б.М., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.