• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Унаада кыйкырган кызга жардам көрсөтпөгөн 2 кызматкер иштен айдалды

14 Бештин айы 2018 10:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

Токтоткон автоунаада кыйкырып жаткан кызды жардамсыз калтырып, айдоочуну кое берген жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын 9 кызматкери жазаланды. Анын ичинде экөө жумуштан айдалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя “ТВ Кайгуул” көрсөтүүсүнө чыгып, кийин социалдык тармактарга тарап, чоң талкууну жараткан.

Жардам сураган аялга көңүл бурбай койгон тескөөчүлөр боюнча кызматтык иликтөө жыйынтыкталды.

“Административдик жоопкерчилик, нравалык кодексти одоно бузуп, кесиптик сапаттарында көрсөтүлгөн талаптарга карама-каршы келген жоруктарды жасап, түзүмдүн аброюна шек келтирди деген негиз менен кенже тескөөчү, милициянын прапорщиги А. Б. менен милициянын сержанты И. Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду”, – дешти ИИМден.

Мындан сырткары тескөөчүлөрдүн үстүнөн турган жооптуу жетекчилери – алты адамга, алардын катарында Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш берилди.

Бишкек ЖКККБнын батальонунун командири, милициянын майору Р. К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Унаа ичинде жардам сурап кыйкырган келинди кормоксонго алган ГАИ кызматкерлери…..

Опубликовано Эрнис Масалиев Суббота, 8 декабря 2018 г.
Количество просмотров: 9