• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

USAID кыргызстандыктардын ийгиликтери менен бөлүшүү үчүн медиа-кампания жүргүзүп жатат

11 Бештин айы 2019 17:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасы боюнча «Ийгиликке бирге жетебиз» аттуу медиа-кампанияны баштады. Кампания, USAIDдин Кыргыз Республикасынын өкмөтү, жеке сектору жана жарандык коом менен алып барып жаткан иши жөнүндө элди маалымдоого багытталган.

Видео, аудио жана социалдык тармактардын жардамы менен «Ийгиликке бирге жетебиз» кампаниясы USAIDдин колдоосу менен кыргызстандыктар өз жашоосун кандайча өзгөртө алгандыгын конкреттүү мисал жүзүндө көрсөтөт. Кампаниянын алкагында, кыргызстандыктар саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана экономика жаатарында USAID миңдеген кыргызстандыктар менен биргелешип жетишкен ийгиликтер жөнүндө биле алышат.

«Биз кыргыз эли жана өкмөтү менен бирге көпкө жетиштик. Мына ошол ийгиликтер менен бөлүшкүбүз келип жатат», — дейт USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден. Биздин биргелешип жетишкен албан ийгиликтер келе жаткан муундар үчүн үмүт жана түрткү берип турсун деген ойдобуз. Бул кампаниянын негизги максаты ошондой».

«Ийгиликке бирге жетебиз» аттуу кампанияны социалдык тармактарда #унасвсеполучится #wewillmakeitogether #ийгиликкебиргежетебиз хэштегдери аркылуу оңой эле байкап турса болот. Кыргызстанда USAID Facebook (USAIDKyrgyzRepublic), Instagram (usaidkg) жана Twitter (usaidkg) тармактарында бар.

USAID кыргыз элинин жана өкмөтүнүнүн туруктуу өнөктөшү катары 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын эркин, демократиялык, өнүккөн, көз карандысыз өлкө катары өнүгүүсүн ылдамдатуу үчүн колдоо көрсөтүп келет. Акыркы 18 жыл аралыгында, АКШ өкмөтү, USAID аркылуу Кыргыз Республикасына $750 млн өлчөмүндө колдоо көрсөтүп келет.

Кампаниянын материалдарын (фото жана видео) бул жерден көрүп жана жүктөп алса болот: https://usaidkg.exposure.co/campaign

Кошумча маалымат үчүн Кайратбек Мурзакимовго (+996 770 770 285, [email protected]) кайрылсаңыз болот.

Количество просмотров: 64