• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

USAID Кыргызстандын мектептерине 380 000ден ашуун китеп өткөрүп берет

24 Аяк оона 2019 11:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын мектептерине кошумча окуу материал катары 384 250 китеп өткөрүп берүү аземине массалык маалымат каражаттарды чакырат. Иш-чара 2019-жылдын 26-сентябрь күнү, саат 11:15те улуттук компьютердик гимназияда өткөрүлөт.

Китептерди өткөрүп берүү аземи учурунда журналисттер Кыргызстандын мектептерине өткөрүлүп берчү китептерди көрүп, аларды иштеп чыгуу жөнүндө кенен маалымат ала алышат. Ошондой эле, катышуучулар үчүн атайын ачык сабак уюштурулуп, башталгыч класстар үчүн китеп окууну үйрөтүүнүн жаңы методикалары көрсөтүлөт.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун жана USAIDдин өкүлчүлүгүнүн директору Гэри Линдендин катышуусу күтүлүүдө.

Китептер USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында даярдалып басылды. Долбоор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен кызматташтыкта алып барат. Долбоордун эң негизги максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү. Бул төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети 9,9 миллион АКШ долларын түзөт. USAID 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп тапшырууну көздөйт.

Көбүрөөк маалымат алуу жана катталуу үчүн долбоордун адиси Улукбек Аданбаевге (+996) 776 444 800, [email protected]) кайрылсаңыздар болот.

Количество просмотров: 68