• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УТКРнын 90 жылдыгына арналган Эл аралык форум өтүп жатат

6 Бештин айы 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына арналган “Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык форуму өтүп жатат.

Иш чарага Эл аралык жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбектан, Беларусия, Иран ж.б. мамлекеттердин элчилик өкүлдөрү, ММК жетекчилери жана журналисттери, ошондой эле БиБиСи, ТРТ, “Хабар” өңдүү ири медиа корпорациялардын жетекчилери, редакторлору, жергиликтүү ММК өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, тиешелүү факультеттердин декандары, окумуштуулар, медиа серепчилер, тележурналисттер катышууда.

Форумдун катышуучулары жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирлери, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасынын алкагында талкуу жүргүзөт.

Количество просмотров: 78