Улуттук телерадиоберүү корпорациясы 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бардык беттештерин көрсөтөт.Бул тууралуу корпорация социалдык тармактардагы баракчаларында билдирди.
Маалым болгондой, корпорация Кыргызстанда чемпионатты көрсөтүүгө эксклюзивдүү укуктарды алган. Беттештерди УТРК жана МТРК-Спорт каналдары түз көрсө болот.
Эске салсак, 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгү 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт. Бул өлкө тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатты өткөрөт.