• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

УТРК логотибинин өзгөрүшү боюнча үн катты

16 Үчтүн айы 2023 19:32 Бишкек Govori.TV

2022-жылы Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) макамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу Улуттук биринчи каналдын логотибин алмаштыруу сунушталган. Бул тууралуу УТРКнын таанытуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Капарова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, 2022-жылдын октябрь айында Улуттук биринчи каналдын логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланган.

“Сынакка 20га жакын эмгек келип түшкөн. Бирок келип түшкөн иштер комиссия тарабынан жактырылган эмес. Жыйынтыгында, корпорациянын дизайн жана эфир жасалгалоо студиясына логотип иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Башында Мелис Орозалиев турган дизайнерлер тобу Улуттук биринчи каналдын эн белгисин иштеп чыгып, коллегияга бир нече вариантты сунуштаган. Курамы 14 адамдан турган коллегиялык кеңеш жана көркөм кеңеш тарабынан азыр сунушталып жаткан логотип кабыл алынып, эфирге бериле баштаган. Корпорациянын логотибин иштеп чыгууга УТРКнын дизайн жана эфир жасалгалоо студиясы тартылгандыктан акча каражаты сарпталган эмес”, — деп жазды Капарова.

Ал кошумчалагандай, логотиптин башка телеканалдын биринин эн белгисине окшошуп калганы боюнча маселе УТРКнын жыйынында кароого алынып, аталган маселеси коллегиялык кеңештин кароосуна сунушталды.

Эскерте кетсек, интернет айдыңында жарандар Улуттук биринчи каналдын жаңы логотиби Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине окшош экенин айтышып, нааразычылыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 181