• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

УТРКнын жаңы башкы директору дайындалды

9 Жалган куран 202315:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске саксак, буга чейин бул кызматты ээлеген Кайрат Иманалиев бүгүн президенттин жарлыгынын негизинде кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 1578