• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Уу коргошунга ууланган бейтаптардын абалы айтылды

21 Чын куран 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экенин билдирди.

20-апрелде Бишкек травматология жана ортомедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен жубайлар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген. Бейтаптар дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкенин жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөнүн айтышкан.  Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, учурда дарыланып жатышат.

Ошол эле күнү “Таз жардам” кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. аттуу жаран оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала “белгисиз затка ууланган” деген диагноз коюлган.

«Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 91