• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Уулкан Дүйшөева: Аял кишинин жүрөгү билимге сугарылса, коомдо ордун табат

30 Чын куран 202116:26 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын Уулкан Дүйшөева 34 жашта.

Уулкан айым Баткен шаарынан келген, 3 баланын энеси

«Кесибим боюнча журналистмин. Ошондой эле медиаторлук жаатында дагы иш алып барам. Акыркы мезгилде аялдарга карата зордук-зомбулуктун күчөгөнү менин эле эмес, баардык эле адамдын жүрөгүн өйүтүп жатат. Буга байланыштуу мусулмандар айымдар клубун түптөп, аялдарга өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча окутууларды өткөрүп келебиз. Аял кишинин жүрөгү билимге сугарылса, коомдо ордун табат. Бул тренингден лидерлерлик сапатты күчөтүү боюнча билим алгым келет»,-деди ал.


Количество просмотров: 117