• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Уурдалган малды базарда сатып жаткандар кармалды

10 Аяк оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Баткенде уурдалган малды базарда сатып жаткан жарандар кармалды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Марказ, Майдан айылынын тургундары өз үйлөрүндө байланып турган малын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча милицияга арыз менен кайрылышкан.

Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25 жаштагы жана Үч-Коргон айылынын 28 жаштагы тургунун ар биринин базар баасы 60 миң сомдук болгон 2 баш бодо малды «Халмион» мал базарда сатып жаткан жеринен кармашкан. Уурдалган малдар ээлерине кайтарылып берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жалпысынан 12 баш мал уурдагандыгы жана үч жаран тең мурда соттолгону аныкталган. Бүгүнкү күндө алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат

Количество просмотров: 1440