• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ууру кылып жаткан учуру видеого түшүп калган чөнтөкчүлөр кармалды (видео)

28 Үчтүн айы 202013:40 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ош базарында чөнтөкчүлөрдүн ууру кылып жаткан учуру видеого түшүп калган. Тартылган видео социалдык тармактарда тарап, анда көрүнүп тургандай бир киши менен бир аялдан турган уурулар тобу аялдын сумкасынан капчыгын алып коюшкан.

https://youtu.be/dR-w0LChvLk

Бишкек шаардык милициясынан билдиргендей уурулук кылган шектүү эки жаран кармалды. «Чөнтөкчүлөр» видео тараган күнү эле кармалганы айтылды.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2148