Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев күтүүсүз текшерүү менен Каракол шаарынын #2 жана #9 мектептерин, ошондой эле Ак-Суу районуна караштуу Мамакеев, Киров орто мектептерине барган. Текшерүү учурунда облус башчы окуу жайларда, азыркы мезгилге талапка ылайыксыз жүргүзүп жаткан иштерин аныктап мектеп жетекчилердин иштерине нааразы болду.