• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Уялбай эле сурагыла». Депутат Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонуу сунушун айтты

7 Тогуздун айы 2021 13:13 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиев Кытайдан жүктөрдү өткөрүүдө Казакстан атайын кармап, тоскоолдктарды жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал жалпы жыйын учурунда билдирип, Казакстан менен Орусия атайлап ыңгайсыздык жаратып жатканын айтты.

«Бул маселени биз карап беришибиз керек. Эгерде, жүк ташуу иштерин аткара албай жатсак, анда уялбай эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонолу. Ал адамдын тажырыйбасы бар. Менин сөзүмө ишенбесеңиздер, «Мадина» жана «Дордой» базарларындагы ишкерлер менен сүйлөшүңүздөр», — деди ал.

Ошондой эле депутат Бажы кызматынын жетекчисине, Матраимовдон тартынбай тажрыйбасы менен бөлүшүүсүн суранууну сунуштады.

Количество просмотров: 599