• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Уялчаак Жолдошбаевдин сунушу туура экени айтылды

15 Бирдин айы 2018 12:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеште депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин депутаттарга унааларды кайтарып берели деген сунушу тууралуу фракциялашы пикирин билдирди деп жазды Турмуш.
«Айылдык, шаардык кеңештердин, Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешелүү мыйзамдар бар. Камчыбек Жолдошбаев мыйзамдык нормаларды сактоо керектиги жөнүндө гана айтты. Ооба биз токтом кабыл алдык. Бирок мага депутаттар кайрылган, 100% же 90% деп айтпайм, бирок аял депутаттардын 5-10% унааларга муктаж. Бул норма мыйзамда көрсөтүлгөн. Ошондуктан буга туура мамиле кылуу керек», — деди Бакиров.

Буга чейин 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс») депутаттардын кызматтык унаадан баш тартуусуна байланыштуу маселени журналисттердин катыштырбай талкуулоону сунуштаган. Ал коомдук унаага түшүп, жөө баскан кесиптештеринен уялып жүргөндүгүн билдирген.

«Депутаттар менен алардын жардамчылары маршруттук таксиден түшүп (кичи автобус), Жогорку Кеңешке жөө келгенине уялам. Келгиле бул токтомду журналисттерди катыштырбай талкуулап, маселени күн тартибине коелу. Биз баш тарткан унаалар башкаларга берилип, баары бир каражат короп жатат», — деген К.Жолдошбаев.

Количество просмотров: 25